You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Казакстандын президентине "жок" деди. Токаев согушту "тоңдурууга" чакырган
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Казакстан - Украина менен согушуп жаткан Орусия менен чектешкен Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет. Эки өлкөнүн чек арасы дүйнөдөгү эң узун чек ара болуп саналат. Ошол эле учурда Казакстан Украинадагы согуштун кесепеттерин түздөн-түз тартып жаткан, украин дрондорунун соккуларына кабыл болгон аймактагы өлкө болуп эсептелет.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Путинге Украинадагы согушту токтотпой туруп, убактылуу "тоңдуруп" коюуну сунуштады. Бул сунуш Токаев менен Путиндин Орусиянын Омск шаарындагы жолугушуусунда айтылды. Азырынча Борбор Азиядагы башка бир да мамлекеттин лидери Орусия президентине мындай сунуш киргизе элек.
Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын Украинага каршы баштаган согушун ачык колдогон да эмес, ачык айыптаган да эмес. Алар эки тарап менен тең байланыштарын сактап, бейтарап позицияны карманышат. Ошол эле учурда эл аралык жана аймактык жыйындарда Украинадагы согушту тынчтык жолу менен токтотууга чакырып келишет.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев былтыр ноябрда Вашингтонго барганда да Украинадагы согуш тууралуу өзүнчө токтолгон. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп бул согушту токтото алат деген үмүтүн билдирген.
"Мен Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту да сиз гана токтото аласыз деп ишенем. Бул жагынан чоң үмүт артып жатабыз", - деген Мирзиёев.
Ал ошондой эле Өзбекстанда Трампты "тынчтыктын президенти" деп аташарын белгилеген. Мирзиёевдин айтымында, АКШ лидери дүйнөдөгү сегиз жаңжалды жөнгө салууга чоң салым кошкон.
Ошол кезде Вашингтон "С5+1" форматындагы саммитти кабыл алган. Саммитке Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери, анын ичинде Казакстандын президенти да катышкан.
Украинадагы согуш эми бешинчи жылга кадам таштап жатат.
Дональд Трамп шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон бул согушту тез арада токтотуу убадасын аткара алган жок. Ал айткандай, согушту "бир күндө" токтотуу мүмкүн болбоду. Ошентсе да бир жылдан ашуун убакыттан бери бул маселе боюнча бардык кызыкдар тараптар менен байланыш жүргүзүп келет. Трамп менен Путиндин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү дүйнөлүк маалымат каражаттарынын башкы темаларынын бири бойдон калууда.
24–25-июлда Омск шаарында Орусия менен Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгы боюнча XXII форум өттү.
Жаңы сунуш
Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, "бул жаңжалды убактылуу токтотуп, тоңдуруп коюуга мүмкүнчүлүк бар". Анын айтымында, мындай ыкма эл аралык практикада буга чейин сыналган жана колдонулган тактика болуп саналат.
"Балким, азыр Орусиянын жана башка ири мамлекеттердин кепилдиги астында буга чейин жетишилген олуттуу жыйынтыктарды эске алып, бул жаңжалды убактылуу токтотуп, "Стамбул формуласы 2.0га" кайтып келип, көптөн күткөн тынчтыкка карай кадам таштоого убакыт келгендир", - деди Казакстандын президенти.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөр 2022-жылы өткөн. Бирок анда даярдалган ниеттер жөнүндө меморандум кагаз жүзүндө гана калып калган. Москва Киев Батыштын басымы алдында "Стамбул формуласына" баш тарткан деп эсептейт.
Ал эми Украина анда каралган аймактык жеңилдиктерди кабыл албай турганын билдирген.
"Мен бул жөнөкөй жеке пикиримди бүгүн айтууну туура көрдүм. Анткени адамдар биздин жолугушуу тууралуу билишет, менин Омскиге келеримди да билишкен жана ушул ойду жеткирүүнү суранышты. Бул кырдаалды кантип чечүү керек? Муну эч ким так билбейт. Себеби тараптар өз позицияларынан баш тартпай турушат", — деди Токаев Путинге.
Ошол эле учурда Казакстандын президенти "адамдар" деп кимдерди айтып жатканын тактаган жок. Мындан тышкары Токаев бул жаңжалда ортомчу болуу ниети жок экенин да белгиледи. Анын айтымында, бул жаңжалдын табияты көпчүлүк үчүн түшүнүксүз бойдон калууда. Ошондой эле ал Путиндин Аляскадагы жолугушууда "дипломатиялык жактан эң жогорку деңгээлде ийкемдүүлүк көрсөткөнүн" белгиледи.
Президенттин акыркы бир жарым жыл ичиндеги ортомчулук аракеттери аскер туткундарын ири көлөмдө алмаштыруудан башка олуттуу жыйынтык берген жок.
Кремлдин жообу
Маалыматтарга караганда, Омсктагы жолугушууда Казакстандын президенти бул сунушту айткандан кийин Владимир Путин Токаевге Украинадагы "атайын аскердик операциянын" жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок жолугушуудан кийин бул маселеге Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берди. Анын айтымында, Кремль Токаевдин Украина боюнча позициясына макул эмес. Песков белгилегендей, Казакстандын президенти Украина маселеси боюнча өз көз карашын бир нече жолу ачык билдирген.
"Бирок бул Орусия Федерациясы анын позициясына макул дегенди билдирбейт", - деди Песков. .
"Токаев Украина маселеси боюнча бир нече жолу пикирин билдирген. Ал бул маселеде туруктуу позицияны карманат. Бирок бул анын көз карашын биз колдойбуз дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда Казакстан биздин эң жакын өнөктөшүбүз жана эң жакын союздашыбыз", - деди Песков "Российская газетага" берген маегинде.
Анын айтымында, мындай айырмачылык алардын жаңжалдын "түпкү себептерин жетиштүү деңгээлде түшүндүрө албай жатканын" көрсөтөт. Ошондуктан өнөктөштөрү Орусиянын позициясын жакшыраак түшүнүшү үчүн Кремль бул багыттагы түшүндүрүү иштерин дагы күчөтө турганын айтты.
Буга чейин Кремлдин өкүлү "Интерфакс" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, Киевдин позициясын эске алганда, "жаңжалды жөн эле тоңдуруп коюу мүмкүн эмес" деген. Анын айтымында, Орусия үчүн эң башкы шарт - өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүү.
Айрым серепчилердин пикиринде, Украинадагы согуш Казакстандын негизги киреше булактарынын бирине олуттуу сокку урду.
Алардын айтымында, Астана Москва менен кызматташууга даяр бойдон калууда. Бирок өзүнүн экспорттон түшкөн кирешесинин эсебинен башка бирөөнүн согушунун чыгымын көтөрүүнү каалабайт.
Серепчилер ошондой эле Токаевдин сунушу Москва менен мамилеге доо кетирбей тургандай жумшак формада айтылганын, бирок ошол эле учурда Киев менен Батыш аны так уга тургандай ачык болгонун белгилешет. Алардын пикиринде, Токаев Омскиге ортомчулук кызматын сунуштоо үчүн эмес, Казакстандын чыдамкайлыгынын да чеги бар экенин көрсөтүү үчүн барган.
Казакстан жана дрон чабуулдары
Өткөн жылдын аягында Казакстан Новороссийскинин жанындагы Каспий куур консорциумунун (КТК) терминалына жасалган чабуулга байланыштуу Украинага расмий нааразылык билдирген. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүү тараткан. Министрлик мындай окуялар Казакстан менен Украинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелерге терс таасир тийгизерин белгилеген. Расмий Астана Украина мындай окуялар кайталанбашы үчүн так чараларды көрөт деген үмүтүн да билдирген.
Ал эми Киев "Украина Казакстанга каршы эч кандай кастык аракеттерди жасаган жок" деп жооп берген. Украин тараптын билдирүүсүндө анын аракеттери Казакстанга же башка үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганы айтылган. Ошондой эле Украина Орусиянын чабуулдарына жооп иретинде сокку уруп жатканын, бул аракеттердин баары БУУнун Уставынын 51-беренесинде кепилденген өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында Орусиянын кеңири масштабдагы агрессиясына каршы көрүлүп жаткан чаралар экени белгиленген.
Киев бардык өлкөлөрдү күч-аракеттерин бириктирип, Орусияны "башка мамлекеттерге жана элдерге каршы кылмыштуу согушун мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга" үндөөгө чакырган.
Расмий Астана бул жоопко кандай реакция кылганы белгисиз бойдон калган. Бирок андан кийин да Казакстандын аймагына Украина дрондорунун чабуулдарынын кесепети тийип жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.
Казакстан жана Украина
Борбор Азия өлкөлөрүнүн эч бири ушул күнгө чейин Орусиянын Украинага каршы баштаган согушун ачык колдогон да эмес, ачык айыптаган да эмес. Ошондой эле алар Бириккен Улуттар Уюмунун Украина боюнча кабыл алган эл аралык резолюцияларында да негизинен бейтарап позициясын сактап келишет.
Казакстан Украинадагы согушка байланыштуу алгачкы расмий билдирүүсүн 2022-жылдын март айында - Орусия "атайын аскердик операциясын" баштагандан бир ай өткөндөн кийин жасаган.
Ошол кезде президент Касым-Жомарт Токаев Орусия менен Украинаны сүйлөшүү жолу аркылуу мунаса табууга чакырып, "жаман тынчтык жакшы жаңжалдан артык" экенин айткан.
Кийинчерээк расмий Астана Казакстандын Украина маселеси боюнча позициясы так экенин билдирген.
Анда бул позиция Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык бардык мамлекеттердин, анын ичинде Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтоо зарылдыгына негизделери белгиленген.
Казакстан ошондой эле Украинадагы жаңжалдын мүмкүн болушунча эртерээк токтошуна чын дилден кызыкдар экенин билдирип, зарыл болсо бул процессте өзүнүн салымын кошууга даяр экенин да айткан.
Расмий Астана жаңжалдарды аскердик жол менен чечүү туруктуу чечим боло албай турганын ачык билдирген.
Казакстан өзүн көп багыттуу тышкы саясат жүргүзгөн, дүйнөнүн бир да мамлекети менен касташпаган тынчтыкты жактаган өлкө катары мүнөздөйт.
Ошол эле учурда Астана Батыш өлкөлөрү Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы киргизген эл аралык санкциялардын талаптарын аткарууга убада берген.
2023-жылга чейин Казакстандын жарандары Орусиянын Украинадагы согушуна каршы өз нааразылыгын мезгил-мезгили менен билдирип турушкан.
Өлкөдө согушка каршы акциялар өтүп, жарандык активисттер Украинаны колдоо максатында бир нече жолу тынч митингдерди уюштурушкан.
Мындай көрүнүш Украинадагы согуш башталгандан кийин Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө дээрлик байкалбагандыктан, Казакстандагы бул окуялар көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
Казакстан ошондой эле согуш жүрүп жаткан Украинага гуманитардык жардам жөнөтүүнү улантып келет.