You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты
ИИМ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев "мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген" соң үй камагына чыгарылганын билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштуруп, натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1-апрелде кармалган. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашат.
Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин №21 мекемеде кармоо чечимин чыгарган. Бөгөт чарасы эки жолу узартылып, аны ошол эле тергөө абагында кармоо тууралуу токтом кабыл алынган. Бирок 24-июлда Ички иштер министрлиги Шаирбек Ташиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып жатканын билдирип, бул жагдай коомдо кызуу талкуу жаралган.
ИИМ мунай тармагындагы коррупциялык схеманы иликтөөнү улантып жатканын, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.
Шаирбек Ташиевдин жакындары, анын ичинде агасы, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.
Биринчи май райондук соту 2-июлда Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишини "Бийликти күч менен басып алууга" беренеси боюнча төрт жылдан соттогон. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндикте калтырган.
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген. Аны Садыр Жапаров быйыл 10-февралда кызматтан бошоткон.