Трамп Сауд Арабиясы Израилди тааныса гана өзөктүк келишим күчүнө кирерин билдирди. Эр-Рияд бул тууралуу үн ката элек

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШнын президенти Дональд Трамп бейшемби күнү АКШ менен Сауд Арабиясынын ортосунда бир күн мурда кол коюлган өзөктүк энергетика тармагындагы кызматташтык тууралуу келишим Эр-Рияд Израилди расмий тааныган учурда гана күчүнө кирерин билдирди. Сауд Арабиясы азырынча бул маселе боюнча комментарий бере элек.

"Тынчтык максатындагы өзөктүк келишим (уран байытылбайт!) [...] аскердик эмес максаттар үчүн гана колдонулат [...] жана ал бекитилет. Бирок бул толугу менен Сауд Арабиясынын кадыр-барктуу жана ийгиликтүү Авраам келишимдерине кошулушуна байланыштуу", - деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында. Ал адаттагыдай эле айрым сөздөрдү баш тамгалар менен белгиледи.

АКШнын энергетика министри Крис Райт менен Сауд Арабиясынын энергетика министри Абдулазиз бин Салман бир күн мурда тынчтык максатындагы өзөктүк энергетика боюнча кызматташтык келишимине жана коопсуздук кепилдиктери менен көзөмөл чаралары тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшкан.

Бул документтер күчүнө кириши үчүн аларды АКШ Конгресси дагы бекитиши керек.

Келишимдердин толук тексти азырынча жарыялана элек. Бирок америкалык басылмаларда алардын мазмуну тууралуу маалыматтар чыгып, Трамптын администрациясы мурда Сауд Арабиясына жана Жакынкы Чыгыштагы башка өнөктөштөрүнө коюп келген негизги талаптардан баш тартканы айтылууда. Алардын арасында өз алдынча өзөктүк отун өндүрбөө жана Израилди таануу талаптары болгон.

Сауд Арабиясы Авраам келишимдерине кошулуу, башкача айтканда Израилди таануу маселеси боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек. Буга чейин Эр-Рияд Палестина мамлекети түзүлгөндөн кийин гана Израилди таанышы мүмкүн экенин билдирип келген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун басма сөз кызматы бейшемби күнү АКШ менен Сауд Арабиясынын келишимин түздөн-түз атабастан, Сауд Арабиясынын Израилди таанышы Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн маанилүү кадам болорун билдирди.

"Сауд Арабиясынын Авраам келишимдерине кошулушу Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка карай тарыхый жана өтө чоң кадам болмок. АКШ менен Израилдин Тегерандагы геноцид жүргүзгөн режимге каршы биргелешкен аскердик операциясы жана Израилдин Иран колдогон террордук окту талкалаганы тынчтык аймагын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түздү", - деп жазылган билдирүүдө X социалдык тармагында.

Көпчүлүк эксперттер Израилде өзөктүк курал бар экенине күмөн санашпайт. Бирок Израил ондогон жылдардан бери бул маалыматты расмий түрдө ырастабай да, төгүндөбөй да келет.

Авраам келишимдери алгач Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө, 2020-жылы анын администрациясынын ортомчулугу менен түзүлгөн. Анда Бириккен Араб Эмираттары менен Бахрейн Израилди расмий тааныган.

Кийинчерээк бул келишимдерге Судан жана Марокко кошулган. Ал эми Казакстан Израилди мындан алда канча мурда — 1992-жылы эле таанып, дипломатиялык мамиле түзгөн.

Уранды байытууга көзөмөл

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Америкалык маалымат каражаттарынын жазышынча, АКШ менен түзүлгөн жаңы келишимдер келечекте Сауд Арабиясына өз аймагында уранды өз алдынча байытууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Трамп мындай маалыматтарды четке каккан билдирүүсүн дал ушул маалыматтар жарыялангандан кийин жасаган.

Теориялык жактан алганда, Сауд Арабиясы кааласа жана зарыл болсо, уранды өзөктүк курал жасоого жетиштүү деңгээлге чейин байыта алмак.

Сауд Арабиясынын иш жүзүндөгү жетекчиси, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман 2018-жылы CBS News телеканалына берген маегинде өлкөсү өзөктүк курал жасоону пландабай турганын айткан. Бирок ал Иран мындай куралга ээ болсо, Сауд Арабиясы да мүмкүн болушунча тез арада өзөктүк куралга ээ болорун билдирген.

Дональд Трамп өз билдирүүсүндө келишимдер тынчтык максатындагы өзөктүк энергетикага гана тиешелүү экенин баса белгиледи. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио болсо бейшемби күнү АКШ өзөктүк куралдын жайылышына жол бербөө боюнча бардык кепилдиктер камсыздала турганын айтты.

"Конгресстин колдоосуна ээ болуу үчүн мындай кепилдиктер зарыл. Биз алардын сөзсүз болушун камсыз кылабыз", - деди Рубио Филиппиндеги саммитте сүйлөп жатып. Бирок анын сөзүнөн мындай кепилдиктер азырынча келишимдерде толук камтылбаганы байкалат.

Ошол эле учурда адистер Сауд Арабиясы өзөктүк куралга ээ болууну чечсе, АКШнын макулдугусуз деле башка жолдорду таба аларын белгилешет.

"Бул келишимдердин альтернативасы өзөктүк амбициясы жок Сауд Арабиясы эмес. Тескерисинче, АКШнын катышуусу жок, Westinghouse компаниясынын коммерциялык базасы жок жана Вашингтондун таасир рычагдары жок, Орусия же Кытайдын технологиясына көз каранды өзөктүк программа болмок", - деди AFP агенттигине саудиялык коопсуздук маселелери боюнча аналитик Хишам аль-Ганнам.

Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднердин айтымында, азырынча Эр-Рияддын өзөктүк курал жасоого умтулуп жатканына эч кандай белги жок. Бирок эгерде келечекте мындай чечим кабыл алса, Сауд Арабиясына өзөктүк дүрмөттөрдү союздашы Пакистандан сатып алуу өз аймагында уранды 90 пайызга чейин байытып, андан кийин өзөктүк дүрмөт жасоого караганда алда канча жеңил, тез жана мыйзамдуу болмок.