Шаирбек Ташиевдин тергөө абагына камалбаганы талкуу жаратты

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев Бишкектеги №21 мекемеде (СИЗО-1) жок экени белгилүү болду. Ал 1-апрелде коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. 2-апрелде Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин №21 мекемеде кармоо чечимин чыгарган. Кийин бөгөт чарасы дагы эки жолу узартылып, эки учурда тең аны ошол эле тергөө абагында кармоо тууралуу токтом кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыпталган Т.Ш.К.га карата камак түрүндөгү бөгөт чарасы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде (СИЗО-1) 2026-жылдын 16-сентябрына чейин узартылган" деп чыгарылган соттун чечими.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Шаирбек Ташиев тергөө абагына жеткирилбегенин ырастады.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ал азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Министрлик тергөө аяктагандан кийин ал тергөө абагына өткөрүлөрүн билдирди.
Шаирбек Ташиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев анын кайсы жерде кармалып жатканын комментарийлей албасын айтты:
"Мен ал боюнча маалымат бере албайм. Бул боюнча азыр жазып жатышпайбы. Биздин өзүбүздүн макулдашуубуз бар. Мен процесстик жагын гана карайм. Азыр экспертиза дайындалган. Жыйынтыгын күтүп жатышат. Мен аны менен тергөөчүнүн кабинетинен жолугуп жатам".
Бул жагдайдан кийин коомчулукта айыпталуучу тергөө абагында камалсын деген соттун чечими эмне үчүн аткарылган жок деген суроо жаралды.
"Эгер соттун чечими кынтыксыз аткарылса, мындай суроолор жаралмак эмес. Сот СИЗО десе - СИЗО, ИВС десе - ИВС болушу керек. Соттун чечими так аткарылышы зарыл. Болбосо, тергөөчүнүн чечими үстөм болуп калат деген суроо чыгат", - деди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев.
Журналист жана активист Адил Турдукулов да Шаирбек Ташиевдин камалбаганына таң калып турганын айтты:
"Бул таң калычтуу жагдай. Бийлик пенитенциардык системада мыйзам баарына бирдей колдонулат деп билдирип келген. Бирок бул учур андай эмес деген күмөн саноолорду жаратып жатат. Бул боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүшү керек деп эсептейм".

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кемпир-Абад" иши боюнча кармалып, бир канча ай №21 мекемеде отуруп чыккан активист Эрлан Бекчоро ИИМдин убактылуу кармоочу жайы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагынын айырмачылыгын айтып берди.
"Соттун чечимин өзгөрткөнгө мыйзам жол бербейт. Эмне үчүн ИВСте ушул күнгө чейин кармалып турат дегенге башка өңүтүнөн жооп издесек, ИВСте СИЗО-1ге караганда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр каралган. Жакындары менен жолугуу, тамак-аш киргизүү жагы жеңилирээк", - дейт "Кемпир-Абад" иши боюнча акталып чыккан активист.
Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашат. Шаирбек Ташиев коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна алганы же четке какканы тууралуу ачык маалымат жок. Анын жакындары, анын ичинде агасы, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.
Шаирбек Ташиев - Камчыбек Ташиевдин иниси.
Биринчи май райондук соту 2-июлда Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишини "Бийликти күч менен басып алууга" беренеси боюнча төрт жылдан соттогон. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндикте калтырган.
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген. Аны Садыр Жапаров быйыл 10-февралда кызматтан бошоткон.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.
































